ЕАЭБ менен Индия эркин соода келишими боюнча ишти талкуулашты
14.11.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министринин орун басары Раджеш Агравал менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар колдо болгон соода потенциалын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги менен Индиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашуунун үстүндө биргелешип иштөөнү талкуулашты.
"Биз эки тарап үчүн келечектеги соода келишиминин өзгөчө маанисин көрүп турабыз. Мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө умтулабыз", – деп белгиледи ЕЭК министри.