Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕАЭБ жана Индонезия эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрүштү
ЕАЭБ жана Индонезия эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрүштү
15.12.2023
13-15-декабрда Денпасар шаарында (Индонезия Республикасы) Евразия экономикалык бирлиги менен Индонезия Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду болуп өттү.
"Жыйынтыгында макулдашуунун жөнгө салуучу бөлүгүн макулдашууда олуттуу прогресске жетишилди – айрым бөлүмдөр толугу менен макулдашылды. Индонезиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү келечегине негизденебиз", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин сооданы жөнгө салуу боюнча атайын маселелер бөлүмүнүн башчысы, ЕАЭБден башкы сүйлөшүүчү Антон Цециновский.
Маалымат
Индонезия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан 2022-жылдын майында кабыл алынган. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи жана экинчи раунддары үстүбүздөгү жылдын апрель жана июль айларында өткөрүлгөн.
Бирлик мамлекеттеринин Индонезия менен товар жүгүртүүсү акыркы эки жылда эки эсеге өскөн.