ЕАЭБ жана Иран "Евразиялык агроэкспресс" долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты
07.03.2024

Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ирандык тарап менен "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме болуп өттү.

"Евразия экономикалык бирлиги менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы толук форматтуу эркин соода зонасы боюнча иштин жүрүшүндө макулдашылгандай эле, бардык макулдашууларыбызды практикалык тегиздикке которобуз", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Буга байланыштуу, ал эскерткендей, кеп атап айтканда, Иранга ЕАЭБ продукциясын жеткирүү, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн рыногуна ирандык жашылчалардык жана жемиштерди ташуунун масштабдуу көлөмүн уюштуруу жөнүндө болду. Тиешелүү буюмдар бүгүнкү күндө да дүкөндөрдүн текчелеринде бар. Анткен менен "Евразиялык агроэкспресстин" ишке кириши менен айыл чарба продукциясы кыйла ыкчам, жакшыраак сапатта жана азыраак сандагы ортомчулар менен жеткирилет, деп ишенимин билдирди министр.

"Ирандык ири холдинг менен кызматташууну сунуштайбыз, ал долбоорго түздөн-түз кире алат же сиздердин агроөндүрүүчүлөрдүн Иранга жеткирүүлөрүн уюштуруу жана биздин продукцияны кайтарым багытта экспорттоо үчүн "бирдиктүү терезе" катары иштей алат", – деп билдирди өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын айыл чарба джихады министринин биринчи орун басары Алиреза Пейман-Пак.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар бул логикада ишти улантууну макулдашышты, кызматташуунун конкреттүү форматын жана деталдарын талкуулоону "Евразия агроэкспресс" долбоорунун дирекциясына – "Евразия Агрологистикасы" АКУга – жана Иран компаниясына өткөрүп беришти.

"Ошол эле учурда биз логистикадан тышкары дагы, чечилиши керек болгон башка маселелер бар экенин түшүнөбүз. Бул өз ара эсептешүүлөр, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, бул Иран аркылуу Перс булуңу жана Индия тарапка транзиттик маселелер", – деп Андрей Слепнев аталган маселелерге да көңүл бурду.

Маалымат

Айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн үзгүлтүксүз өз ара жеткирүүнү, ошондой эле азиялык жана европалык багыттарында экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү максатында "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашыруу жөнүндө демилге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 25-февралындагы № 3 тескемеси менен колдоого алынган. ЕАӨКнын 2023-жылдын 3-февралдагы № 6 тескемеси менен долбоор "Түндүк-Түштүк" коридорунун каттамдарына масштабдалган.