ЕАЭБ жана Куба өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн перспективалары Гаванада ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев менен Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы соода жана тышкы инвестициялар министри Оскар Перес-Олива Фраганын төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясы менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссиянын IV отурумунун жүрүшүндө талкууланды.
Тараптар өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, транспорт, туризм, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин карашты. Негизги басым бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө жасалды. ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Кубанын бизнесинин алардын аймактарында өткөрүлгөн конгресс-көргөзмө иш-чараларына кызыгуусу өскөнү белгиленди.
Данияр Иманалиев жана Оскар Перес-Олива Фрага Комиссиянын жана Куба Өкмөтүнүн иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарышты.
Кубанын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары жаңы пландын долбоорунда ишкер чөйрөлөрдүн кооперациясына дем бере турган жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өбөлгө түзө турган иш-чараларды караштырууну сунуштады."План толук көлөмдө аткарылды, өткөрүлгөн тармактык семинарлар кубалык өнөктөштөрдү ЕАЭБ жөнгө салуу практикасы менен толук тааныштырууга, ошондой эле логистика, биотехнологиялар, айыл чарба жана өнөр жай жаатындагы кубалык демилгелер менен таанышууга мүмкүндүк берди, – деди ЕЭК министри. – Биз 2030-жылга чейин ишке ашыра турган жаңы пландын долбоорунун үстүндө жигердүү иштер жүрүп жатат, азыр ал ЕЭКте Бирлик өлкөлөрүнүн катышуусунда каралууда".
Сооданын өсүшүнүн келечектүү негизги драйверлери катары биотехнологиялар чөйрөсүндөгү кооперация жана аралда логистикалык хаб түзүү каралды. Бул долбоорлор өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компанияларынын Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин перспективдүү рынокторуна жетүүсүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк бермек.
Данияр Иманалиевдин айтымында, Бирликке караштуу байкоочу мамлекет институтун өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. "Бул ЕАЭБдин эл аралык аренада экономикалык тартылуунун уюлу катары иштешин камсыз кылуу милдетин чечүүнүн жолдорунун бири болуп саналат, – деди ал. – 2026-жылы бирикменин соода-экономикалык потенциалын сапаттуу ишке ашыруу үчүн өз ара кызыкчылык жараткан экономикалык кызматташтык чөйрөлөрүн аныктоо пландаштырылууда".