Жаңылыктар

16.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 15:06)

ЕАЭБ жана БАЭ Өкмөтү Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана жасалма интеллект, санариптик экономика жана алыстан иштөө үчүн тиркемелер боюнча мамлекеттик министр Омар бен Султан аль-Олама 16-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Михаил Мясникович баса белгилегендей, ЕАЭБ БАЭни Жакыны Чыгыш регионундагы соода-экономикалык кызматташтык үчүн эң перспективдүү өнөктөштөрдүн бири катары көрөт.

"Биз эмираттар тарапка ишибиздин жогорку темпи жана сапаты үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз, – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Бүгүн кабыл алынган чечимдер ЕАЭБдин жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем".

Меморандумда белгиленгендей, анын максаты өз ара сооданын көлөмдөрүн көбөйтүү, ошондой эле тоскоолдуктарды жоюуга багытталган чараларды ишке ашыруу болуп саналат. Тараптар бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу, каржы рыноктору, транспорт, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, атаандаштык саясат жана монополияга каршы жөнгө салуу, интеллектуалдык менчик ж.б. чөйрөлөрдө кызматташууну көздөшүүдө.

Меморандумга кол коюу аземинин алкагында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович тараптардын преференциалдык соода макулдашуусун түзүү маселеси боюнча биргелешкен ишин белгиледи.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын башчысы ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёвдун меморандумдун үстүнөн ишке жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын баса белгилеп өттү. 

Маалымат

2021-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин жана БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасы оң.

Товар жүгүртүү 60,9%га өсүп, 6,3 млрд долларга жетти, ал эми жалпысынан ЕАЭБ боюнча тышкы соода жүгүртүү 35,1%га өстү.

2022-жылдын 15-апрелинде ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча № 15 ЕАЭБдин жана БАЭнин эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү перспективаларын изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө тобун түзүү жөнүндө тескеме кабыл алынган.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү