ЕАЭБ жана САДК соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууда
30.10.2026
ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев жана САДКтын аткаруучу катчысы Элиас Мпеди Магоси Евразия экономикалык бирлиги менен Түштүк Африканы өнүктүрүү коомдоштугунун (САДК) мамлекеттеринин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

«ЕЭК Африканын алдыңкы регионалдык бирикмелери менен диалогду өнүктүрүүдө жана САДКты экономикалык интеграция чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн келечектүү өнөктөш катары карайт. Биздин максатыбыз – ЕАЭБ өлкөлөрү менен Түштүк Африканын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү», – деп билдирди Данияр Иманалиев.

ЕЭК министри өнөктөштөргө ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды. «САДК үчүн сооданы жөнөкөйлөтүү, бажы жол-жоболорун санариптештирүү, товарлардын келип чыгуу эрежелерин колдонуу жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин тажрыйбабыз практикалык кызыгуу жаратышы мүмкүн. Биз ошондой эле техникалык жөнгө салуу, өнөр жай кооперациясын колдоо жана бизнес-ассоциациялар менен иштөө жаатындагы топтолгон тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Өз тарабынан, ЕЭК мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү боюнча САДКтын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар».

 Элиас Мпеди Магоси САДКты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын тааныштырып, ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн белгиледи. Алардын арасында – товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтык жана транспорттук коридорлорду түзүү бар.

    Тараптар байланыштарды жандандырууну жана ишкер жана эксперттик коомчулуктун катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселесин иштеп чыгууну макулдашышты. Башкы максат – бизнестин ЕАЭБ жана САДК рынокторунда иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.

САДКтын аткаруучу катчысы «САДКтын индустриялаштыруу жумалыгын» ЕАЭБ менен Африка бизнесинин диалогу үчүн негизги аянтча катары колдонууну сунуштады. Бул – жыл сайын июль-август айларында САДКка төрагалык кылган өлкөдө өтүүчү бизнес-форум.

Данияр Иманалиев, өз кезегинде, өнөктөштөрдү 2027-жылдын май айында Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды.

САДК – бул Африканын 16 мамлекетинин бирикмеси, анын штаб-квартирасы Габоронеде (Ботсвана) жайгашкан.


Скачать исходники фотографий