"ЕАЭБ жана Тунис улуттук өнөр жай өндүрүштөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн да, ошондой эле бири-биринин рынокторуна кирүү шарттарын жакшыртуу аркылуу эки тараптуу сооданы тереңдетүү үчүн да ресурска ээ", – деп белгиледи Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Эксперттик баалоолор боюнча, тараптардын ортосундагы ишкердик өнөктөштүктүн учурдагы деңгээли ишке ашырыла элек жогорку потенциалды көрсөтүүдө. Сооданы либералдаштырууга өтүү жана административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү экспорттук-импорттук операцияларга кошумча түрткү берет.
Комиссия тунистик рынокко жеткирүүлөрдүн өсүшүнө эң чоң мүмкүнчүлүктөрү бар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн төмөнкү негизги товардык топторун бөлүп көрсөттү: азык-түлүк, металлургия, химия өнөр жайы, токой өнөр жай комплекси жана керектөөчүлүк сектору.
Рынокторго кирүүнүн оптималдуу шарттарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр процесси ар бир мамлекеттин экономикалык өнүгүү милдеттерин эске алуу менен, өз ара пайдалуулук принциптерине негизделет.