Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле бажы маалыматтарын алмашууну уюштуруу жана Өзбекстан Республикасынын ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуусуна кошулуусу сыяктуу интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Ташууларды көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну практикалык түрдө ишке ашырууга, ошондой эле аларды колдонуунун ак ниет бизнес үчүн натыйжаларына өзгөчө көңүл бурулду.
ЕЭК министри Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрүн 28-29-майда Астанада өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакырды. ЕЭФ-2026нын жүрүшүндө бажы блогу панелдик сессия өткөрөт, анын негизги темалары бажы процесстерин санариптештирүү жана бажы органдарынын ишмердүүлүгүнө жасалма интеллекттин элементтерин киргизүүнүн келечеги болмокчу.
Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен Өзбекстандын ортосундагы диалогду өнүктүрүүнүн, ошондой эле интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн системалуу байланыштарды колдоп туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Ташууларды көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан тартып күчүнө кирген. Бул мезгилдин ичинде ЕАЭБ аймагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен 30 миңден ашуун товар ташуу жүзөгө ашырылды.