Жаңылыктар

12.05.2022 (Обновлено: 23.05.2022 12:13)

ЕАЭБ май өндүрүү үчүн жаңгактарга карата алымды үч жылга жоймокчу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ши, шорея жаңгактарын жана жаңгактардын, уруктардын жана данектердин бир катар башка түрлөрүн ЕАЭБ ТЭИ ТНде өзүнчө бөлүү жана аларга карата алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын үч жылдык мөөнөткө 5%дан 0%га түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Каралып жаткан товарлар негизинен экзотикалык майлардын стеариндерин өндүрүү үчүн колдонулат, ал эми алар өз кезегинде какао майын алмаштыргычтарды, маргариндин айрым түрлөрүн жана косметикалык каражаттарды даярдоо үчүн компоненттер болуп саналат.
"Жактырылган чара Евразия экономикалык бирлигинин аймагында жаңгактарды жана уруктарды кайра иштетүүнүн толук цикли боюнча импортту алмаштыруучу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Алар ЕАЭБдин май чыгаруучу жана кондитердик ишканаларын алгылыктуу бааларда чийки зат менен камсыз кыла алышат", – деп белгиледи ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Комиссиясынын бир катар башка актыларына да тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү