ЕЭК Коллегиясы 23-декабрда евразиялык транспорттук коридорлорунун жана каттамдарынын тизмесине киргизилген автомобиль жолдору боюнча эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда оор салмактуу жана ири габариттүү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө жана кооптуу жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды тариздөө жана берүү боюнча айрым жол-жоболорду шайкеш келтирүү үчүн иш-чаралар планын жактырды.
Иш-чаралар үч негизги багыт боюнча өтөт деп болжолдонууда. Бул атайын уруксатты берүүнүн жана колдонуунун максималдуу мөөнөттөрүн аныктоо; арыздын формасын жана анда көрсөтүлгөн маалыматтарды макулдашуу, ошондой эле аларды минималдаштырууга карата талаптарды жакындаштыруу; атайын уруксатты тариздөөгө арыз берүүнүн жана аны арыз ээсинин жайгашкан жери боюнча электрондук түрдө алуунун жол-жоболорун автоматташтыруу.
Бул иш-чараларды жүзөгө ашыруу ташуучулар тарабынан атайын уруксаттарды тариздөө жана алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунда болгон Тоскоолдуктардын реестрине ("Ак китепке") киргизилген чектөөлөрдү четтетүүгө мүмкүндүк берет.