Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2026-жылы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө ташылып келүүчү бодо малдын (БМ) этинин айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берди.
Товарды төмөнкү көлөмдөрдө алып келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болуп жатат: Армения үчүн – 7,5 миң тоннага чейин, Беларусь үчүн – 7,5 миң тоннага чейин, Казакстан үчүн – 5 миң тоннага чейин, Кыргызстан үчүн – 5 миң тоннага чейин, Россия үчүн – 100 миң тоннага чейин.
"Кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы тең салмактуу чечим болуп саналат, ал багытталган мүнөзү жана максаттуу пайдаланууну ырастоо талабы аркылуу этти кайра иштетүү тармагын колдоого алат. Ошол эле учурда бул чечим уй этинин ички рыногуна терс таасирин тийгизбейт жана эт багытындагы мал чарбачылыгы чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратпайт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Ал өткөн мезгилде тийиштүү тарифтик жеңилдиктерди колдонуу калк үчүн эт азыктарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана керектөө бааларынын өсүү темпин кармап турууга мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.
Бирликтин өлкөлөрүндө бодо малдын этинин жетишсиздиги адатта, биринчи кезекте, Латын Америкасынын өлкөлөрүнөн жана Индиядан алып келүү эсебинен толукталат.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2026-жылдын 1-январынан тарта келип чыккан укук мамилелерине карата колдонулат.