Жаңылыктар

04.03.2024

ЕАЭБ жут буласын Арменияга жана Беларуска алып кирүүгө тарифтик жеңилдик берет

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Армения Республикасына 3 тоннадан көп эмес көлөмдө жана Беларусь Республикасына 6 миң тоннадан көп эмес көлөмдө алынып келүүчү жут булаларынан же башка текстилдик лубян булаларына (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 5307 10 000 0 жана 5307 20 000 0), карата ташып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды.

Көрсөтүлгөн тарифтик жеңилдик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тастыктама болгондо берилет, аны колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 28-февралына чейин. "Бажы-тарифтик жөнгө салуунун тиешелүү чараларын киргизүү, атап айтканда, санкциялык басым шарттарында килем өндүрүүчүлөрдүн туруктуу ишин колдоого, ошондой эле продукцияларды чыгаруунун төмөндөгөн көлөмдөрүн калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Ал тактап өткөндөй, ЕАЭБ аймагында мындай чийки зат өндүрүлбөйт. Жут буласын экспорттоочу негизги өлкө болуп Бангладеш эсептелет.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

Жут буласы жут тропикалык өсүмдүгүнөн алынган табигый материал болуп саналат. Жут буласы жогорку бышыктыкка жана эскирүүгө туруктуулукка ээ, ошондой эле нымдуулукка жана ультрафиолет нурларына жакшы чыдайт. Текстиль өнөр жайында ар кандай буюмдарды, мисалы, каптарды, килемдерди, аркандарды, ленталарды, декоративдик циновкаларды ж. б. өндүрүү үчүн кеңири колдонулат.

2022-жылдын 28-мартынан 2023-жылдын 31-мартына чейин ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин экономикаларын колдоо чараларынын алкагында, каралып жаткан товарларга карата ЕАЭБ ББТнын ташып келүү бажы алымдарынын убактылуу нөлдүк чендери колдонулган.