ЕАЭБ аз тонналык СЖГ үчүн жабдууларга карата тарифтик жеңилдик берет
22.04.2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши аз тонналык суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) өндүрүү жана сатуу объекттерин куруу, жабдуу жана техникалык тейлөө үчүн жабдуулардын айрым түрлөрүн жана бөлүктөрүн алып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Тарифтик жеңилдик алынып келинген товарлардын максаттуу багытын тастыктоо шарты менен 2 жылдык мөөнөткө берилет.

"Чечим суюлтулган жаратылыш газынын аз тонналык өндүрүштөрүнүн тармагын кеңейтүүгө, региондорду газдаштыруунун темпин тездетүүгө, кыймылдаткыч отун катары колдонулган мунайзаттарды экологиялык жактан таза жаратылыш газы менен алмаштырууга багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал эскертип өткөндөй, Евразия экономикалык бирлигинин аймагында азыркы учурда ички рынокто аз тоннаждык СЖГны пайдалануу менен долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана газ толтуруу тармагын коммерциялык натыйжалуу деңгээлге чейин жүктөөнү камсыздоо менен газмотордук отун рыногун (айыл чарба жана жол-курулуш техникалары үчүн, автомобиль, темир жол жана суу транспортунда) өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар жүзөгө ашырылууда.

"Негизги өбөлгөлөр болуп көп сандагы өнөр жайлык казып алуу үчүн кызыкчылык жаратпаган газ чыккан жерлердин кадамдык жеткиликте болушу, ошондой эле бир катар потенциалдуу керектөөчүлөрдүн жетүүгө кыйын болгон жерлерде же газ менен камсыздоо булактарынан алыс жайгашышы саналат. Мындай учурларда аз тонналык СЖГны колдонуу оптималдуу чечим болуп саналат, ал региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана экологиялык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзөт", – деп кошумчалады Андрей Слепнев.

Күтүлгөндөй, аталган долбоорлорду ишке ашыруу жогорку технологиялык өндүрүштүк кубаттуулуктарды уюштурууну эске алуу менен бир нече миң жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тарифтик жеңилдик ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8407 90 900 9, 8418 69 000 8, 8481 10 190 8, 8481 10 990 8, 8481 30 910 8, 8481 30 990 8, 8481 40 100 0, 8481 40 900 9, 8481 80 599 0, 8481 80 639 0, 8481 80 690 0, 8481 80 739 9, 8481 80 790 0, 8481 80 819 9, 8481 80 850 8, 8481 80 870 0, 8481 80 990 7, 8505 11 000 0, 8505 19 900 0, 8505 90 200 9 и 8505 90 900 0 коддору менен классификацияланган продукцияга карата берилет. Көрсөтүлгөн товарларга ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымдарынын чени 5тен 15%га чейинкини түзөт.