Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы титандын калдыктарына жана сыныктарына карата алып келүү алымынын ченин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 8108 30 000 0 коду) 2024-жылдын 1-апрелинен тарта 2026-жылдын 28-февралына чейин 0% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алды.
Каралып жаткан товарлар негизинен аэрокосмостук тармак үчүн арналган титан продукциясын өндүрүүдө экинчи чийки зат катары колдонулат. Колдонуунун башка тармактары катары энергетика, кеме куруу жана медицинаны да белгилөөгө болот.
"Евразия экономикалык бирлигинин металлургиялык ишканалары тарабынан титан калдыктарын жана сыныктарын колдонуу титан жарым фабрикаттарын өндүрүү процессин олуттуу арзандатат жана тездетет, ошондой эле даяр буюмдарды чыгаруунун өсүшүнө мүмкүндүк берет, – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. – Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн компаниялары өздүк өндүрүштүн калдыктарын да, үчүнчү өлкөлөрдүн импорттук чийки заттарын да колдонушат".
Маалымат
Титан калдыктарына жана сыныктарына ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымынын ченинин бажы наркынын 5%ын түзөт. Нөлдүк чен 2015-2016-жылдары каралып жаткан товарга карата колдонулган жана 2021-жылдын 31-мартынан 2024-жылга чейин колдонулат.