ЕАЭБ электромобилдерди ташып келүүгө тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын аягына чейин узартат
24.11.2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу Армения Республикасында, Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда электромобилдерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Россия Федерациясында жарандыгы бар жана (же) туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

"Электромобилдерге суроо-талапты өбөлгөлөөгө, аларды өндүрүүгө жана дүрмөттөө станцияларынын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен комплексте тарифтик жеңилдикти колдонуу мөөнөттөрүн узартуу мындай транспорт каражаттарынын кеңири таралышына өбөлгө болот деп күтүлүүдө", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

 


Маалымат

ЕАЭБ ББТнын электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынын 15%ын түзөт. ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 16-мартындагы № 29 Чечимине ылайык, 2020-жылдын 4-майынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин 0% өлчөмүндөгү алым колдонулган. Ал эми Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7.1.38-пунктуна ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнө 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө, чектелген санда алынып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берилди.