ЕАЭБ транспорттук байланыштуулукту чыңдоодо

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 2026-жылдын 2-октябрында Минск шаарындагы Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймактарында «Чыгыш – Батыш» жана «Түндүк – Түштүк» багыттарында, анын ичинде Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен айкалыштыруунун алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө баяндаманы жактырышты.


Баяндаманы жыл сайын даярдоо 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча «жол картасында» каралган. 

«Транспорт биздин өлкөлөрдүн экономикаларынын транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн туруктуу камсыз кылууда, 2025-жылы транспорттун бардык түрлөрү менен жүк жүгүртүү оң динамиканы көрсөтүп, 6 трлн т-кмден ашыкты түздү», – деп белгиледи энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев.

Бирликтин мүчө мамлекеттери масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду жигердүү ишке ашырууда. Бул аракеттерди координациялоо үчүн Евразия транспорттук коридорлорун өнүктүрүүнүн комплекстүү планынын иш-чаралары ишке ашырылууда:

- өнүктүрүүнүн максаттуу индикаторлору (көрсөткүчтөрү) калыптандырылды;

- минималдуу талаптар иштелип чыкты;

- евразия коридорлорунун паспорттору даярдалды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында евразия транспорттук коридорлоруна киргизилген Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин автомобиль жолдору боюнча жүргөндө транспорт каражаттарынын жол берилүүчү массалары, октук жүктөмдөрү жана габариттери жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши маанилүү жетишкендик болду, бул 14 миң км-ден ашык автомобиль жолдорунун технологиялык бирдиктүүлүгүн камсыз кылды.

Комиссия тараптар менен биргеликте ошондой эле Кытай Эл Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары жана Иран Ислам Республикасы менен транспорт чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты арттыруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.

Ошентип, масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу жана негизги өнөктөштөр менен эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү евразия транспорттук коридорлорун Евразиянын туруктуу экономикалык өсүшүнүн негизги элементине айландырууга негиз салууда.