Евразия экономикалык бирлигинин мүчө өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБде товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Бул документ Бирликте электрондук сооданы жүзөгө ашыруунун жалпы укуктук негизин калап, бизнес үчүн жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун натыйжалуулугун камсыз кылат.
"Мындай эл аралык келишим электрондук сооданы өнүктүрүүгө жана Бирликтин бүткүл аймагында товарлардын эркин кыймылын сактоого багытталган алдын ала божомолдоого боло турган чөйрөнү түзүү, ошондой эле мүмкүн болгон тоскоолдуктардын пайда болушунун алдын алуу үчүн зарыл", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Макулдашуу биринчи кезекте өз ара электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара аракеттенүү эрежелерин аныктоого багытталган жана анын ичинде электрондук сооданын катышуучуларынын ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу тартибине карата талаптарды, акча каражаттарын кайтаруунун шарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле товарды кайтаруу шарттарын белгилейт, атап айтканда, тийиштүү сапаттагы товарларды кайтарып берүүнүн бирдиктүү 14 күндүк мөөнөтүн бекитет.
Мындан тышкары, ЕАЭБ алкагында электрондук соодада электрондук документ жүгүртүүнү колдонуу, ошондой эле маалыматтарды коргоону жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкмалар аныкталат, жарнамалык таркатмаларга карата талаптар бекитилет жана Бирлик өлкөлөрүндө алардын мыйзамдарына ылайык интернет аркылуу сатууга тыюу салынган же чектелген товарлардын реестрин түзүү каралат.