Бул туурасында 7-октябрда Москвадагы "Президент-отелде" болуп өткөн "Интеграция" Евразия ишкер форумунун катышуучулары билдиришти. Форумдун пленардык отуруму ачык бизнес-диалог форматында өткөрүлүп, түзүлгөн экономикалык шарттарда алдыга озутуучу долбоорлорду жана бизнес-идеяларды издөөгө басым жасалды.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, талкуунун модератору Сергей Глазьев белгилегендей, Евразия экономикалык бирлиги пандемия сыноолорунан ийгиликтүү өткөн жана Беларусь менен Россияга карата санкцияларга карабастан бүгүнкү күндө ийгиликтүү өнүгүүдө. Ал 2020-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген Стратегия-2025 план боюнча так ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады.
"Биздин интеграциялык бирикме өзүн катышуучу өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыктарын айкалыштырган натыйжалуу бирикме катары көрсөттү. Арымдарды жоготпостон, биз өз ара сооданы ийгиликтүү өнүктүрүп жатабыз. ЕАЭБден тышкары өлкөлөр менен соода дагы өсүүдө – өткөн жылы экспорт дээрлик бир жарым эсеге өсүп, бул жылы дагы өсүш күтүлүүдө. Санкцияларга карабастан, тышкы соода быйыл анчалык деле азайган жок, биз түштүк жана чыгыш тараптагы коңшулар менен, айрыкча Кытай жана Индия менен сооданы ыкчам өстүрүп жатабыз", - деди Сергей Глазьев.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы Бирликтин мамлекеттерине жана ишканаларына карата санкцияларга жана башка достук эмес иш-аракеттерге байланыштуу болуп көрбөгөндөй татаал шарттарда иштеп жатат. Бул жагдайда экономикаларды өнүктүрүүнүн жаңы варианттарын издөө керек. Жана, эң оболу, инвестициялык ишмердикке көңүл буруу зарыл.
"Кредиттик ресурстар кымбат жана алар аз. Негизги фонддор эскирип, жаңылары аз. Эгерде жагдайды өзгөртпөсө, эртең мындан да жаман болот, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. - Комиссия ЕАЭБде кооперациялык долбоорлорду колдоо жана каржылоо чаралары боюнча конкреттүү сунуштарды даярдады. Насыялар боюнча пайыздык чендерди олуттуу субсидиялоо керек деп эсептейбиз. Биз 3+ долбоорлорду интеграциялык долбоорлор деп эсептөөнү сунуштайбыз, башкача айтканда бул долбоорлорго кеминде үч мамлекеттин өкүлдөрү катышуусу керек. Бул максаттарга алынуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын 10%ын жумшоого болот. Өткөн жылы бул сумма 200 миллионго жакын АКШ долларын түзгөн. Артыкчылыктуу тармактарды жана ишмердүүлүктүн түрлөрүн аныктап, жана биринчи кезекте микроэлектроникага, фармацевтика өнөр жайына, авиа курууга көңүл буруу керек".
Михаил Мясниковичтин пикири боюнча, экономикалык өсүштү тездетүүнүн экинчи фактору болуп илимий-технологиялык өнүгүүнү өбөлгөлөө саналат.
"Натыйжалуу сатуу үчүн, негизин – жаңы технологиялар түзгөн атаандаштыкка жөндөмдүү товарларга ээ болуу керек, ал эми аларды түзүү фундаменталдык билимди талап кылат", - деп билдирди ал.
Михаил Мясникович үчүнчү негизги багыт катары Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүүнү жана Шанхай кызматташтык уюму менен транспорттук-логистикалык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү атады.
Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Александр Шохин өз кезегинде бизнес-коомдоштуктун ЕЭК менен өз ара аракеттенүүсүн, айрыкча евразиялык компанияларды түзүүнүн үстүндө иштөөдө күчөтүү жөнүндө билдирди.
"Евразиялык корпорациялардын укуктук статусун 3+ форматында иштеп чыгуу юридикалык жактардын жаңы классын түзүүгө мүмкүндүк берет, алар татаал, бирок келечектүү жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыра алышат, мисалы микроэлектроника жаатында", - деп баса белгиледи Александр Шохин.
Ошондой эле ал төлөм-эсептешүү мамилелерин мүмкүн болушунча тез санариптештирүү жана жаңы төлөм инструменттерин сыноо керек деген пикирин билдирди.
Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Владимир Ивин өз кезегинде үч негизги бажы багытын бөлүп көрсөттү: ЕАЭБ Бажы кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча ишти активдештирүү, ЕАЭБдин транзиттик потенциалын өнүктүрүү жана экспортту жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын иштеп чыгуу.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Бирлик өлкөлөрүнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн жана бакубатчылыгынын фундаменталдык негизин энергетикалык кубаттуулуктар жана транспорттук коридорлор түзүшү керек деп билдирди.
"Жакынкы Чыгыш, Индия багытында "Чыгыш – Батыш" айкалыштырылган транзиттик транспорттук коридорлоруна көңүл буруу, Каспий деңизинин аймагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, "Түндүк – Түштүк" транспорттук коридорунун жана Транскаспий каттамынын чегинде инфраструктуралык потенциалды пайдалануу маселесин иштеп чыгуу маанилүү", - деп эсептейт ЕЭК министри.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко ЕАЭБде продукциянын сапатын камсыздоонун евразиялык тутумун түзүү зарылдыгы жөнүндө билдирди. Анын сөзү боюнча, Комиссия рынокту кооптуу продукциядан коргоо үчүн олуттуу чараларды көрүп келет. Ошону менен бирге Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн күч аракеттерин консолидациялоо зарыл.
"Биздин продукция коопсуз гана болбостон, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жеткирүү үчүн сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек", - деди Виктор Назаренко.
Бизнес өкүлдөрү түзүлгөн экономикалык шарттарда иштөө боюнча өз сунуштарын билдиришти.
"Бириккен транспорттук-логистикалык компаниясы – Евразия темир жол альянсы" АК башкы директору Алексей Гром Беларустун, Казакстандын жана Россиянын бул уникалдуу интеграциялык долбоорунун өнүгүшү жөнүндө айтып берди. Азыркы учурда компаниянын 550дөн ашык каттамы бар, ЕАЭБдин ЕБ жана КЭР менен чек араларынын ортосундагы транзиттик убакыт алты сутканы түзөт, ошол эле учурда жүктөрдүн сакталышынын көрсөткүчү 99,99%га жетет. Ал кошумчалагандай, Комиссиянын иши, атап айтканда навигациялык пломбаларды киргизүү боюнча иш-аракеттери евразиялык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө олуттуу өбөлгө түзөт.
"Бириккен кеме куруу корпорациясы" АКнын башкы директору Алексей Рахманов санкциялардын киргизилиши менен келип чыккан көйгөйлөргө жана буга байланыштуу ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурду.
"Ички суу жолдору биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз Каспийдин түштүгүнөн Санкт-Петербургга чейин жүктөрдү сегиз күндүн ичинде жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган контейнер ташуучу кемелерди долбоорлоону баштадык", - деди Алексей Рахманов.
Пленардык отурумда ЕЭК Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, ошондой эле "ЛВО" ЖЧКнын (Беларусь Республикасы) директору Олег Кондратенко, Росстандарттын жетекчиси Антон Шалаев жана башкалар видео кайрылуу менен сөз сүйлөштү.
Форумдун уюштуруучулары Россия илимдер академиясынын евразиялык экономикалык интеграциясынын, модернизациялоонун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн комплекстүү маселелери боюнча Илимий кеңеши жана "Корпорация Альфа" ишкерлердин экономикалык жигердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча АКЭУ болушту.
Маалымат
"Интеграция" евразиялык ишкер форуму 2019-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана өнөр жай жана экономикалык кызматташтыктын актуалдуу көйгөйлөрүн жана перспективаларын талкуулоо, ошондой эле ЕАЭБ мейкиндигинде ишкерлердин жана достук өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн эл аралык талкуу аянтчасы болуп саналат.