Жаңылыктар

15.03.2023 (Обновлено: 16.03.2023 16:46)

ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуусунун бирдиктүү тутуму - реалдуу жетишкендиктер жана милдеттер

Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуусунун бирдиктүү тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко 13-мартта "Россиялык бизнестин жумалыктарынын" алкагында өткөн "ЕАЭБде техникалык жөнгө салуунун жана стандартташтыруунун актуалдуу маселелери" эл аралык форумунда айтып берди.

ЕЭК министринин сөзү боюнча, ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө аны өнүктүрүүнүн негизги максаттары жана артыкчылыктары так аныкталган. Негизги максаттарга соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ички рынокту кооптуу продукциядан коргоо жана продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу кирет.

Өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюуда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери жолдун аз эмес бөлүгүн басып өтүштү. Ошону менен бирге бул багыт боюнча иштерди олуттуу күчөтүү талап кылынат.

"Бирликтин деңгээлинде продукциянын айрым түрлөрүнө карата бирдиктүү милдеттүү талаптардын жоктугу Бирликтин органдары тарабынан ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылуучу чектөө катары таанылган. Техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун өнүктүрүүнүн алкагында бул чектөөлөрдү жеңип чыгуу Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын көңүл буруусунан чыкпашы керек, - деп белгиледи Виктор Назаренко. - Анткен менен техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагында, тиешелүү иштеп чыгууларды аткаруу мөөнөттөрүн үзгүлтүккө учуратуу тенденциялары белгиленген, Бирликтин айрым мамлекеттеринин деңгээлинде продукциянын айрым түрлөрүн улуттук жөнгө салууга кайтып келүү аракеттери бар".

Министр өлкөнүн позициясын иштеп чыгууда бир катар мүчө мамлекеттерде тийиштүү координациянын жоктугуна, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын техникалык регламенттерди жана аларга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга жоопкерчиликтүүлөрдүн аткаруучулук тартибинин жетишсиздигине өзгөчө көңүл бурду.

Министр баса белгилегендей, техникалык регламенттердин жана стандарттардын тизмелеринин талаптарынын жогорку деңгээлин колдоо үчүн ЕАЭБде техникалык регламенттердин илимий-техникалык деңгээлин жана аларга стандарттардын тизмегин баалоо механизмин толук өлчөмдө киргизүү зарыл. Бул ошондой эле системалык деңгээлде колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттарды (МАМСТ) кайра кароого жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК министри стандартташтыруунун бардык процесстерине өнөр жайдын артыкчылыктуу катышуусуна өзгөчө көңүл бурду. "Ошол эле учурда талаптардын жогорку деңгээлине чыгуу үчүн, дагы бир маанилүү милдетти - техникалык регламенттерди жана стандарттарды колдонуу тажрыйбасын, алардын керектүүлүгүн баалоону, алардын бизнеске болгон иш жүзүндөгү таасирин баалоону аткаруу талап кылынат. Дал ушул жерде биз үчүн өнөр жай менен бизнестин позициясы маанилүү, - деди министр. - Техникалык регламенттердин стандарттарын иштеп чыгуу программаларын аткаруу тездетилүүгө тийиш. Бирликтин 45 техникалык регламенттерине карата стандартташтыруу программаларына киргизилген темалардын 58%ы боюнча гана иштеп чыгууларды канааттандырарлык деп эсептөөгө болбойт. Стандартташтырууну каржылоо маселелеринде Бирлик мамлекеттеринин ролу да кайра каралып чыгышы керек".

Курч жана талкуулануучу тема катары Виктор Назаренко шайкештикти баалоо жана аккредитациялоого токтолуп, шайкештикти баалоо боюнча көптөгөн ак ниет органдардын фонунда, даярдоочунун нысапсыз ыйгарым укуктуу адамдары менен чогуу бир катар сертификаттоо боюнча органдар жана сыноо лабораториялары чет өлкөлүк продукцияны жеткирүүдө тиешелүү документтерди алуу үчүн болуп көрбөгөндөй шарттарды түзгөндүгүн белгиледи.

Жагдай Бирликтин мүчө мамлекеттеринде кабыл алынуучу шайкештикти баалоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча айрым чечимдер, ошондой эле иш жүзүндө бир катар мамлекеттик көзөмөл (контроль) органдарын рынокту коргоо боюнча өз функцияларын аткаруудан четтетилиши менен оорлошот.

"28 мамлекеттик көзөмөл органынын ичинен рынокто продукциянын коопсуздук деңгээлин объективдүү баалоого 4-5 гана орган ээ", – деди министр форумдун катышуучуларына 2022-жылы мындай органдардын биринин ишинин жыйынтыктарына комментарий берип жатып.

Ошондуктан бүгүнкү күндө Бирликтин мүчө мамлекеттеринде мамлекеттик көзөмөл тутумун өркүндөтүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат, ал натыйжалуу иштебесе, керектөөчүлөр кооптуу продукциядан корголушу мүмкүн эмес, ал эми бирликтик өнөр жай тең эмес атаандаштык шарттарында турат.

Стандартташтыруунун жана өзгөртүүлөрдүн бирдейлигин камсыздоо тематикасына кайрылып, Виктор Назаренко белгилегендей, заманбап мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыкмайынча, өлчөө жана сыноо мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрмөйүнчө кайсыл болбосун инвестициялык, инновациялык же кооперациялык долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошондой эле ал бизнести аларсыз продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүн эмес болгон негизги чөйрө катары стандартташтырууга жана өлчөө бирдейлигин камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

ЕЭК министри ошондой эле 2025-жылга чейин евразиялык интеграциянын Стратегиялык багыттарын, анын ичинде ЕАЭБ алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу боюнча долбоорду ишке ашырууга жана жакынкы убакта өнөр жай жана бизнес менен продукциянын сапатын камсыздоонун Евразиялык тутумун түзүү концепциясын талкуулоого токтолду. 

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Виктор Назаренко бизнестин жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүн түзүлгөн экономикалык кырдаалды эске алуу менен техникалык жөнгө салуунун негизги элементтерин ишке ашырууга карата мамилелерди жана бул чөйрөдө интеграциянын актуалдуу маселелерин чечүү зарылдыгын кайра карап чыгууга чакырды.