Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз мониторингдин натыйжалары боюнча, "Соода" порталында Евразия экономикалык бирлигине жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестринин жаңыртылган версиясы жарыяланды.
Азыркы учурда реестрде ЕАЭБдин тышкы соодасы үчүн тоскоолдуктарды түзүшү мүмкүн болгон 280 чара белгиленген.
Тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Монголия менен өз ара соодада тоскоолдуктарды аныктоо маселелери боюнча жакында өткөрүлгөн семинардын алкагында жаңы соода тоскоолдуктары катталды. Чектөө Монголия тарабынан стратегиялык азык-түлүк товарларын (буудай уну, буудайдын үрөнү, ичүүчү суу, сүт жана малдын эти) импорттоого уруксат берүү менен байланышкан тартипти колдонууга тиешелүү.
Ошол эле учурда Өзбекстан акциздерге байланыштуу административдик чараны жарым-жартылай жокко чыгарды. Импорттолуучу ак шекер үчүн акциз салыгы 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жоюлган. Белгилей кетсек, Комиссия Өзбекстан Республикасы менен 2024-2026-жылдарга карата Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында чектөө чараларын алып салуу боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп келет.
Комиссия үчүнчү өлкөлөр менен соодадагы чектөө чараларын аныктоо жана четтетүү боюнча иштерди улантууда. Чектөө чарасы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын порталындагы атайын форма аркылуу билдирүүгө болот.