"Техникалык жөнгө салуунун Бирликте түзүлгөн түрүнүн эл аралык практикада аналогдору жок", – деп белгиледи Евгений Бережных.
Ал, атап айтканда, "ЕАЭБ алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыруу, Комиссиянын Бирлик өлкөлөрү менен биргеликте техрегламенттерди жана стандарттарды иштеп чыгуунун заманбап деңгээлине чыгуусу, продукциянын шайкештигин баалоо жол-жоболорун актуалдаштыруу жөнүндө айтып берди.
Мындан тышкары, Евгений Бережных ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун андан ары өркүндөтүүнүн перспективаларына кеңири токтолду
"Бирликти 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде андан ары өнүктүрүү жөнүндө Декларацияны ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоору иштердин бүтүндөй комплексин камтыйт. Анын жыйынтыгы катары техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун иштешин камсыз кылган ички процесстерди өркүндөтүү, ошону менен бирге санариптештирүү жана автоматташтыруу тенденцияларын эске алуу менен анын жаңы деңгээлге өтүшүнө шарт түзүү болушу керек", – деп белгиледи Департаменттин жетекчисинин орун басары.
Евгений Бережных продукцияларга талаптарды белгилөөдө бизнес жана өнөр жай өкүлдөрүнүн катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул ишкерлердин кызыкчылыктары менен керектөөчүлөрдүн коопсуз жана сапаттуу продукцияга болгон укуктарын коргоонун ортосунда тең салмактуулукту табуу үчүн зарыл.
ЕЭК Департаментинин өкүлдөрү ошондой эле техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бирликтик укуктун бир катар жоболорун түшүндүрүштү, техрегламенттерге өзгөртүүлөрдүн айрым долбоорлорун иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун негизги этаптары жана аларга карата стандарттардын тизмеси жөнүндө билдиришти. Мисалы, химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө кеп болду. Үчүнчү өлкөлөрдөн чыгарылган электрондук соода товарларынын коопсуздугун тастыктоо темасы өзүнчө талкууланды.
Конференцияга ЕБА башкы директору Тадзио Шиллинг, Федералдык аккредитациялоо кызматынын жетекчиси Дмитрий Вольвач, ЕБАнын Продукциянын шайкештигин баалоо боюнча комитетинин төрагасы Алексей Солдатов, Россия стандартташтыруу институтунун башкы директорунун орун басары Алексей Иванов, эксперттик коомчулуктун, бизнестин жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү катышышты.
Европалык бизнес ассоциациясы (ЕБА) Россияда иштеген 380ден ашык европалык компанияларды бириктирет. ЕБАнын техникалык жөнгө салуу жана шайкештикти баалоо боюнча конференциясы – жыл сайын өтүүчү иш-чара, анда техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ишкерлер бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашат.