Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭК жана Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты
ЕЭК жана Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты
ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян жана ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорян менен жолугушууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү, электрондук сооданы жөнгө салуу маселелерин жана каржы саясаты жаатындагы негизги милдеттерди талкуулашты. Ошондой эле, Комиссиянын өкүлдөрүнүн Арменияга иш сапарынын алкагында жогорку технологиялык өнөр жай министри Ваагн Хачатурян менен жолугушуу өткөрүлүп, анда Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн негизги аспектилери талкууланды.
"Бүгүн кү күндө буга чейин болуп көрбөгөн санариптештирүү жана маалыматташтыруу шарттарында Комиссиянын улуттук өкмөттөрдүн иш-аракеттерин синхрондоштуруудагы жана төрт "эркиндик" принцибинин аткарылышын камсыз кылуу үчүн ажыратылгыс инфраструктура болуп саналган интеграцияланган маалыматтык тутумдун өнүгүүсү үчүн учурдагы талаптарга жана реалияларга жооп берген, жаңы мамилелерди иштеп чыгуудагы ролу абдан маанилүү", – деп белгиледи Варос Симонян.Армения Республикасынын Экономика министрлигинин аянтчасында Бирликтин ички рыногунун иштөөсүнүн эң маанилүү маселелери каралды: ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды бөгөттөргө, алып коюуларга жана чектөөлөргө бөлүү жана бөгөттөрдү жоюлган деп таануу методологиясын өркүндөтүү боюнча иштин актуалдуулугу белгиленди.
Ошондой эле, иш сапарынын жүрүшүндө Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин, Айлана-чөйрө министрлигинин, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугшуулар өткөрүлүп, ЕАЭБдин ички рыногундагы алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча 2021–2022-жылдарга карата иш-чаралардын планы (жол картасы) менен каралган Бирликтин алкагында маданий баалуулуктарды жана күчтүү таасир берүүчү каражаттарды өткөрүү эрежелерин шайкеш келтирүү боюнча кийинки кадамдар, ошондой эле алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча 2021 жана 2022-жылдарга карата жол картасын жана "Чек арасыз жумуш" санариптик долбоорун ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.