ЕЭК жана АСЕАН 2030-жылга чейин кызматташуу пландарын аныкташты
26.09.2025
Евразия экономикалык комиссиясы менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүнүн негизги багыттары 26-сентябрда Куала-Лумпурда (Малайзия) Россиянын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн экономика министрлеринин консультацияларынын жүрүшүндө талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян катышты.

Иш-чарада ЕЭК жана АСЕАН кызматташтыгынын 2026-2030-жылдарга карата жаңы программасы бекитилди, ал экономикалык кызматташтык жаатында ЕЭК жана АСЕАН ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду андан ары ишке ашыруунун негизин түзөт.

"Жаңы программанын жоболору ЕАЭБ жана АСЕАНдын негизги стратегиялык документтеринин – 2030/2045 "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын жана АСЕАН 2045 Келечекке көз карашынын негизги багыттары менен байланыштуу, 2025-жылга чейин ЕЭК жана АСЕАН кызматташтыгынын колдонуудагы программасын ишке ашыруу тажрыйбасы эске алынат", – деди ЕЭК өкүлү экономика министрлеринин алдында сүйлөгөн сөзүнүн жүрүшүндө.

Микаел Беллуян белгилегендей, жаңы Программа кызматташтыкты салттуу форматтардын алкагында гана эмес, кызматташтыктын биринчи программасында камтылбаган жаңы чөйрөлөрдө да ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган. Алардын арасында – ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү АСЕАНдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен конгресс-көргөзмө иш-чаралары, ошондой эле ЕЭК жана АСЕАН биргелешип катыша ала турган эл аралык аянтчаларда өткөрүлгөн иш-чаралар.

Атап айтканда, атаандаштык, каржы рыноктору, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин инновациялык өнүктүрүү жана башка бир катар жаңы багыттар боюнча иш-чаралар пландаштырылган. Ишкер чөйрөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө басым жасалат.

Тараптар позициялык мүнөздөгү иш-чаралардын форматын – "ЕАЭБ-АСЕАН күндөрүн" АСЕАН жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн расмий, ишкер жана эксперттик чөйрөлөрүнүн катышуусу менен өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын белгилешти. Ошондой эле транспорт, атаандаштык жана укук колдонуу, интеллектуалдык менчик жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тематикасы боюнча биргелешкен тармактык семинарларды өткөрүүнүн ийгилиги белгиленди.

АСЕАНдын өкүлдөрү ЕАЭБ менен азык-түлүк коопсуздугу, циркулядрдык экономика, инфраструктура жана туруктуу энергетика чөйрөлөрүндө кызматташууга кызыгуусун билдиришти.

Консультациялардын алкагында Микаел Беллуяндын АСЕАНдын башкы катчысынын орун басары Сатвиндер Сингх менен жумушчу жолугушуусу болуп, анда кызматташтыктын жаңы программасын ишке ашыруунун алгоритми аныкталды.

"ЕАЭБ күндөрү" биринчи жолу АСЕАНдын штаб-квартирасында 2023-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринин колдоосу менен өткөн. Кезектеги "АСЕАН күндөрү" 2026-жылга ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлүшү пландаштырылган.

2025-жылдын аягына чейин ЕЭК менен АСЕАНдын бажылык жөнгө салуу, энергетика, электрондук соода, айыл чарба жана техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен тармактык семинарлары өткөрүлөт.