Михаил Мясникович иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылып, Ассамблея коомчулуктун, илимдин, бизнестин өкүлдөрүнүн, бийлик органдарынын диалогу үчүн кадыр-барктуу жана талап кылынган эксперттик аянтча катары калыптангандыгын белгиледи.
"Сиздер социалдык-гуманитардык кызматташтык жана адам капиталын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызыктуу жана стандарттуу эмес долбоорлор ишке ашырып жатасыздар, бул биздин Бирликтин Стратегия-2025те белгиленген узак мөөнөттүү максаттарына да туура келет. Ассамблея калыптанды. Комиссия менен Ассамблея өз ара аракеттенүүнүн жаңы системалык баскычына өтүшү керек деп ойлойм. Жакынкы арада 2022-2023-жылдарга жаңы эки жылдык мезгилге биздин кызматташтыктын конкреттүү иш-чараларын жана долбоорлорун иштеп чыгууну сунуш кылам", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.Михаил Мясникович ошондой эле Ассамблеянын өкүлдөрүн ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин ишине активдүү катышууга чакырды, кесиптештерин 2022-жылдын май айында Евразия экономикалык форумунун тематикалык аянтчаларынын биринин катышуучулары болууга чакырды жана Бирликтин ишин маалыматтык коштоону өркүндөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
"Инвестициялык жана инновациялык ишмердиктин учурдагы жана келечектүү механизмдери өз ара пайдалуу, өз ара толуктоочу өнүгүүгө багытталган коомдук колдоо менен бекемделиши керек. Биз бардыгыбыз Евразия экономикалык бирлигинин элдеринин интеграцияга, кызматташтык жөнүндө кабыл алынган чечимдерге социалдык лоялдуулугунун туруктуу атмосферасын түзүшүбүз керек. Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия элдеринин Ассамблеясынын биргелешкен иши бул актуалдуу маселени чечүүгө жардам берет жана биздин Бирликте өз ара ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө көмөктөшөт деп ишенем", – деп жыйынтыктады Михаил Мясникович.