ЕЭК жана ЕАӨБ Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов 25-июнда Алматы шаарында ЕАӨБдүн Жылдык жыйынынын жана Бизнес-форумунун алкагында Комиссия менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнүн келечектүү багыттарын эске алуу менен иштелип чыккан жана тараптардын кызматташтыгынын келишимдик-укуктук базасын актуалдаштыруу зарылдыгын чагылдырат.

Документ биргелешкен иштин колдонуудагы механизмдерин жаңылоого жана аларды экономикалык жана технологиялык реалдуулуктарга жооп берген өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары менен толуктоого багытталган.

Атап айтканда, өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинде биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо инструменттерин өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешип өндүрүлгөн продукциясын экспорттоого каржылык көмөк көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү каралууда. Жаңы Меморандум ошондой эле маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти колдонууну кеңейтүү чөйрөсүндө тараптардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

"Бул Меморандумга кол коюу – ЕЭК менен ЕАӨБ ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөдөгү маанилүү кадам. Документ экономикалык потенциалга ээ болгон жана тиешелүү инвестициялык камсыздоону талап кылган интеграциялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча биздин мындан аркы биргелешкен ишибиздин бекем багыттамасы болуп калат", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев.


 

ЕЭК менен ЕАӨБ ортосундагы мурунку Кызматташуу жөнүндө меморандумга 2013-жылы кол коюлган.

ЕАӨБ катышуучу мамлекеттери болуп: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан саналат.



Скачать исходники фотографий