ЕЭК жана АСЕАН өлкөлөрүнүн эксперттери атаандаштык маселелерин талкуулашты
08.10.2025

ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Армине Акопян АСЕАНдын атаандаштык боюнча эксперттик тобунун 35-отурумунун атайын сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен атаандаштык маселелери боюнча кызматташтыгынын айрым жыйынтыктары жана өз ара иштешүүсүнүн перспективалары жөнүндө айтып берди.

"ЕЭК-АСЕАНдын атаандаштык боюнча атайын сессияларын өткөрүү жакшы салтка айланды. Бул бизге ырааттуу диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты практикалык тегиздикте өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Армине Акопян.

Сессиянын жүрүшүндө Комиссия тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Евразия экономикалык бирлигинде жана АСЕАН өлкөлөрүндө атаандаштык саясаты жана укук колдонууга арналган семинардын натыйжалары талкууланды. Семинардын жыйынтыгы боюнча ЕЭК жана АСЕАН ишмердүүлүгүнүн өзгөчө кызыгууну жараткан багыттары белгиленди. Алар, атап айтканда, АСЕАНдын улуттук атаандаштык органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү форматтарына, алардын ишин баалоо методологиясына, укук колдонуунун бир катар өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү.

АСЕАНды Комиссия жыл сайын өткөргөн атаандаштык маселелери боюнча аймактык уюмдардын жолугушууларынын жыйынтыктары, ошондой эле бул чөйрөдө ЕЭКтин ыйгарым укуктарын түзүү тажрыйбасы кызыктырды.

"ЕАЭБде жана АСЕАНда интеграциянын ар кандай деңгээлдерине, ЕЭК менен АСЕАНдын атаандаштык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарындагы жана функционалдуулугундагы айырмачылыктарга карабастан, эки интеграциялык бирикменин бир максаты бар – ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды камсыз кылуу, – деп баса белгиледи Армине Акопян. – Бул максатты ишке ашыруу үчүн биз бири-бирибиздин мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана аларды өз ишибизге киргизүүгө даярбыз".

Отурумдун катышуучулары семинар жана консультация форматында, ошондой эле атаандаштык маселелери боюнча интеграциялык регионалдык уюмдардын диалогуна катышуу аркылуу дискуссияларды улантуу жөнүндө Комиссиянын сунушун колдошту.

Иш-чарага АСЕАН мамлекеттеринин атаандаштык органдарынын, ошондой эле АСЕАН Катчылыгынын өкүлдөрү катышышты.