Жаңылыктар

22.04.2022 (Обновлено: 12.05.2022 12:07)

ЕЭК жана КМШнын Электр энергетикалык Кеңеши координацияланган энергетика саясатын жүргүзүү боюнча кызматташтыкты улантышат

21-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбековдун жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Электр энергетикалык Кеңешинин Аткаруучу комитетинин төрагасы Тарас Купчиковдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Темирбек Асанбеков жана Тарас Купчиков электр энергетика тармагында интеграциялык бирикмелердин алдында турган милдеттердин актуалдуулугун жана бири-бирин толуктоосун баса белгилешти. Бул ЕЭКтин жана КМШ ЭЭКтин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморундумжун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн аныктайт.

Уюмдар координацияланган энергетика саясатын жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү боюнча кызматташтыкты, анын ичинде энергия үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногун жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин жалпы электр энергия рыногун түзүү боюнча процесстерди шайкеш келтирүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты улантышмакчы.


Маалымат

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Электр энергетикалык Кеңешинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандум ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын 30-октябрындагы № 167 тескемеси менен жактырылган.