ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча ЕАЭБ укугун өркүндөтүү маселелерин талкуулашты

"Чебомилк" агропаркынын (Чуваш Республикасы) базасында өткөн ЕАЭБ алкагындагы Асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча координациялык кеңешменин отурумунда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн негизи катары инновациялык технологияларды киргизүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин укугун өркүндөтүү маселелери талкууланды.

"Укуктук механизмдерди түзүү асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча мүчө мамлекеттердин ресурстук потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана өндүрүштү көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, асыл тукум продукциясы менен өз ара сооданын көлөмүн жогорулатууга багытталган", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян.

Отурумдун катышуучулары асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы улуттук маалыматтык тутумдарынын иштеши, асыл тукум малдар жана селекциялык жетишкендиктер жөнүндө ЕАЭБдин маалыматтар базаларын түзүү жана колдонуу маселелерин карап чыгышты.

Асыл тукум малдардын асыл тукум жана өндүрүмдүүлүк сапаттарын эсепке алуу жана фенотиптик маалыматтарды эске алуу менен геномдук анализди киргизүү үчүн инфраструктураны түзүү боюнча мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү ыкмалары жана принциптери талкууланды. ЕАЭБ алкагында эң мыкты инновациялык технологиялар жана геномдук селекцияны өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө маалымат алмашылды.

Наира Карапетян отурумдун катышуучуларын агроөнөр жай комплексиндеги кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизми менен тааныштырды.

ЕЭК өкүлү ошондой эле Чуваш Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Андрей Макушев жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. АӨК чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Координациялык кеңешмеге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, илимий-изилдөө уюмдарынын, асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында иш жүргүзгөн лабораториялардын, асыл тукум чарбалардын жана мүчө мамлекеттердин асыл тукум мал чарбачылыгынын башка субъекттеринин жетекчилери катышты.