Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Индонезия Республикасынын Москвадагы элчилиги тарабынан уюштурулган «Индонезия – ЕАЭБ» бизнес-диалогунун алкагында ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин сооданы жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Кира Данильчева ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашуунун түзүлүшүнө байланыштуу экономикалык операторлор үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндама жасады.
Ишкер чөйрөлөрдүн жолугушуусу ЕАЭБ менен Индонезиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө көмөктөшүүгө багытталган.«Эркин соода жөнүндө макулдашуу – бул баарынан мурда бизнес үчүн практикалык пайда. Ал күчүнө киргенден кийин индонезиялык экспорттоочулар үчүн ЕАЭБдин импорттук бажы алымынын орточо чени 7,6%дан 1,5%га чейин, ал эми биздин Индонезияга экспорттоочуларыбыз үчүн – 10,2%дан 2%га чейин төмөндөйт. Бул өз ара соода үчүн принципиалдуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, – деп белгиледи Кира Данильчева. – Макулдашуу тарифтик милдеттенмелерди гана эмес, жөнгө салуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн – электрондук коммерция менен атаандаштыктан тартып, санариптик инновацияларга, транспортко жана «жашыл» өсүшкө чейин камтыйт».