Жаңылыктар

03.02.2023 (Обновлено: 10.02.2023 17:19)

ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети 2023–2025-жылдарга карата кызматташтыктын планына кол коюшту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев 3-февралда Алматыда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетинин ортосундагы Өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2023–2025-жылдарга карата иш-чаралардын планына кол коюшту.

Планда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана иш-чараларды өткөрүү каралган. Анда өз ара соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү, биргелешкен масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу жана экономиканы санариптештирүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, ЕАЭБдин укугун жана КМШнын ченемдик базасын ЕАЭБде жана КМШда иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун ортосундагы каршылыктарды жоюу жагында байланыштыруу боюнча мамилелерди иштеп чыгуу үчүн консультациялар пландаштырылган.

Мындан тышкары, документте ЕАЭБ жана КМШнын иштөө процесстерине жаштарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-коомдоштуктарды тартууга көмөк көрсөтүү каралган, бул эки түзүмдүн ишинин транспаренттүүлүгүн жогорулатууга жана экономикалык интеграциялык процесстердин маңызы жөнүндө жарандардын көбүрөөк маалымдуулугуна багытталган.

Документ Бирлик менен КМШнын ортосундагы тармактык ишке өтүүнү, ошондой эле ЕЭК менен КМШнын Аткаруу Комитетинин ортосундагы кызматташтыктты конкретика менен толтурууну камсыз кылат.


Маалымат

ЕЭКтин жана КМШнын Аткаруучу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 27-ноябрында кол коюлган. Анда бажылык жөнгө салуу, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана көзөмөлдөө, мамлекеттик сатып алуулар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, санариптик экономика, салык саясаты жана тескөө-башкаруу, тышкы соода, атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу, ошондой эле санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатындагы кызматташтык каралган.

Меморандум ЕАЭБ жана КМШ органдарынын өкүлдөрүнө ЕЭКтин жана Шериктештиктин органдарынын аянтчаларында өткөрүлгөн эксперттик топтордун отурумдарында, ошондой эле Комиссиянын Коллегиясына караштуу консультативдик органдардын жана КМШнын тармактык кызматташтык органдарынын отурумдарында катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.