ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө
Евразия экономикалык комиссиясынын ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Ермек Куантыров жана КМШнын Аткаруучу комитетинин экономикалык кызматташтык департаментинин директору Михаил Мыскин 18-июлда ЕЭКтин штаб-квартирасында 2021-жылдагы кызматташтыктын натыйжаларын жана үстүбүздөгү жылдагы биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Тараптар ЕЭКтин жана КМШнын Аткаруучу комитетинин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү биргелешкен күн тартибин илгерилетүү, коомдун жана ишкерлердин Евразия мейкиндигинде интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо тармагынын негизги өнүгүү багыттары жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле аталган чөйрөдө эл аралык укук нормаларын өркүндөтүү зарылчылыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча 2022-жылдын төртүнчү кварталында эки уюмдун, ЕАЭБдин жана КМШнын илимий жана коомдук коомдоштуктарынын, ошондой эле бизнесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен интеллектуалдык менчик жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн тегерек столду уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө келишкендикке жетишилди.

"Биздин уюмдардын алдында бирдиктүү максат турат – өлкөлөрүбүздүн жашоо сапатын жана экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап жана натыйжалуу интеллектуалдык менчик тутумун өнүктүрүү", – деп белгиледи Ермек Куантыров.