Жаңылыктар

22.07.2022 (Обновлено: 01.08.2022 11:49)

ЕЭК жана КОМЕСА атаандаштык саясаты жана укук колдонуу жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун демилгеси менен 2022-жылдын 21-июлунда Женевада атаандаштык чөйрөсүндө улуттан жогорку ыйгарым укуктарга ээ болгон дүйнөлүк регионалдык уюмдардын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (ASEAN), Кариб коомдоштугунун (CАRICOM), Чыгыш жана Түштүк Африканын Жалпы рыногунун (COMESA), Батыш Африканын экономика жана валюта кеңешинин (WAEMU), Анд коомдоштугунун (AC) атаандаштык боюнча бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери катышышты.

Жолугушуунун катышуучулары атаандаштыкты адвокаттоо, атаандаштыкты улуттан жогорку жөнгө салуучулар тарабынан коргоо боюнча жаңы чараларды колдонуу маселелерин, чек ара аралык рынокторду атаандаштыкка каршы иш-тажрыйбалардан коргоо боюнча улуттук жана улуттан жогорку ведомстволордун кызматташтык тажрыйбасын, ошондой эле атаандаштык жаатындагы норма чыгаруудагы жана укук колдонуудагы жаңылыктарды талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы жана Чыгыш жана Түштүк Африканын Жалпы рыногунун (КОМЕСА) Атаандаштык боюнча комиссиясы атаандаштык саясаты жана укук колдонуу чөйрөсүндө Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Африканын регионалдык уюму менен мындай меморандумду түзүү жөнүндө келишкендикке өткөн жылдын июль айында ЮНКТАДдын атаандаштык чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу жана саясат боюнча өкмөттөр аралык тобунун эксперттеринин 19-чу сессиясынын аянтчасында жетишилген.

Кызматташтык жөнүндө документке кол коюлгандыгы жөнүндө айтып жатып, ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев меморандум ведомстволордун бир кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгиледи.

"Меморандумга кол коюу биздин КОМЕСА менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгыбызды жана даярдыгыбызды көрсөтүп турат. Биз атаандаштык эрежелерин бузууларга иликтөөлөрдү жүргүзүүдө, ошондой эле норма чыгарууда тажрыйба алмашууну жолго коюп, биргелешкен конференцияларды жана окутуучу семинарларды өткөрө алабыз", – деп белгиледи министр.

Регионалдык уюмдардын жолугушуусунун модератору ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департментинин директорунун орун басары Армине Акопян болду. Ал регионалдык уюмдардын атаандаштык маселелери боюнча өзүнчө диалогун өткөрүү идеясы улуттан жогорку деңгээлдеги жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүнүн болушунан улам пайда болду деп белгиледи.

"Регионалдык уюмдардын биздин жолугушууга болгон кызыгуусу атаандаштык маселелеринин актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экендигин тастыктап турат", – деди Армине Акопян.

Өз кезегинде, КОМЕСАнын Атаандаштык боюнча комиссиясынын аткаруучу директору Виллард Мвемба ЕЭКтин жана КОМЕСАнын ортосунда 2019-жылы башталган диалог бир кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүү менен жаңы расмий деңгээлге өтүүдө деп баса белгиледи.