Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Куба Республикасынын вице-президенти Сальвадор Вальдес Меса 28-майда V Евразия экономикалык форумунун алкагында Комиссия менен Куба Өкмөтүнүн 2026–2030-жылдарга каралган биргелешкен иш-чаралар планына кол коюшту.
"Бул документтин артында биргелешкен чоң иш, ошондой эле акыркы жылдарда топтолгон кызматташтыктын оң тажрыйбасы турат", – деп кол коюу аземинде Бакытжан Сагинтаев баса белгиледи.
2025-жылы тараптар ушундай эле беш жылдык планды ишке ашырууну ийгиликтүү аякташты. Жаңы документ, Бакытжан Сагинтаев жана Сальвадор Вальдес Меса белгилегендей, эксперттик диалогду улантууга гана эмес, багыттардын кеңири чөйрөсү боюнча практикалык кооперацияны өнүктүрүүгө да багытталган.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тараптар кабыл алынган Планды ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду баштоого жана экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимдерин билдиришти.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими боюнча 2021-жылдын январынан тартып Куба ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусуна ээ.