Жаңылыктар

18.04.2025

ЕЭК жана Куба кызматташтыкты тереңдетишет

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кубанын экономикалык диалогун тереңдетүүнүн перспективаларын ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Комиссиянын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Автандил Алыбаев жана Куба Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер департаментинин башкы директорунун орун басары Алехандро Симанкес Марин талкуулашты.

Атап айтканда, ЕЭК менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча Биргелешкен комиссиянын отурумуна байланыштуу уюштуруу маселелери каралды.

Автандил Алыбаев ЕЭКтин ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет катары Куба менен өз ара иштешүүсүнүн системалуу мүнөзүн белгиледи. Бул өлкө — Бирликтин Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин аймагындагы негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. ЕЭК менен Кубанын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум менен түзүлгөн Биргелешкен комиссиянын отурумдарынын алкагында, Бирлик жана Куба өлкөлөрүнүн ишкерлеринин катышуусу менен бизнес-семинарлар же бизнес-миссиялар өтүүдө, ЕАЭБ мамлекеттеринин компаниялары салтуу түрдө, кубалык эң ири конгресстик-көргөзмө иш-чарасына — FIHAV жарманкесине катышышат.

Тараптар ушул жылдын күзүндө Москвада Биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү талкуулашты. Маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, фармацевтика, техникалык жөнгө салуу, СФС-чаралары жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты талкуулоо белгиленген.

Алехандро Симанкес Марин белгилеп өткөндөй, Кубалык тарап үчүн конкреттүү кооперациялык долбоорлорду, биринчи кезекте биотехнологиялар жана жер семирткичтерди өндүрүү тармагындагы долбоорлорду карап чыгуу маанилүү. Буга байланыштуу өнөктөштөр ЕАЭБдин Ишкер кеңеши жана Кубанын Соода Палатасы менен өз ара аракеттенүүдө эки тараптын кызыкдар бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн Биргелешкен комиссиянын отурумуна катышууга кошууну макулдашышты.

Жолугушууда ошондой эле ЕЭК менен Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2026-2030-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планынын жаңы долбоорун түзүү боюнча иштин жүрүшү талкууланды.

Жыйынтыгында Алехандро Симанкес Марин делегациянын курамына расмий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн киргизүү менен Евразия экономикалык форуму – 2025ке Кубанын жогорку деңгээлдеги катышуу пландары жөнүндө маалымдады.