ЕЭК жана КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши өз ара иштешүүнү тереңдетет

Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (КМШ МАК) кызматташуу маселелери 27-28-июнда Бишкекте өткөн КМШ МАК отурумунда талкууланды. Ага Шериктештик өлкөлөрүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын, стандартташтыруу, метрология жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдарынын жетекчилери, Комиссиядан - Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Тимур Нурашев жана техникалык жөнгө салуу боюнча министрдин Катчылыгынын жетекчиси Ирина Осмола катышышты.

"КМШ МАК менен кызматташуу Комиссия үчүн өзгөчө маанилүү мүнөзгө ээ. Стандарттардын бирдиктүү мамлекеттер аралык тутуму Евразия экономикалык бирлигинде колдонулуучу бирдиктүү техникалык регламенттер үчүн далилдүү базаны камсыз кылат. Мамлекеттер аралык стандарттарды колдонуунун артыкчылыгы ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген, аларга болгон муктаждык барган сайын өсүп жатат. Бирок аларды тездетип иштеп чыгуу үчүн механизмдер жана аларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кошулуусу "жеткире ырастоону" талап кылат. Азыркы учурда Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте Бирликтин стандартташтыруу чөйрөсүндө укуктарын өркүндөтүү боюнча системалуу ишти жүргүзүүдө", - деп белгиледи Тимур Нурашев.


Талкуунун негизги темасы Комиссия жана КМШ МАК ортосундагы 2013-жылдын 7-июнундагы стандартташтыруу жана ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатында Меморандумду актуалдаштыруунун максатка ылайыктуулугу болду. Комиссия КМШ МАКтын Стандарттар боюнча бюросу менен бирдикте Бирликтин келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүүнү эске алуу менен Меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

КМШ МАК отурумунун күн тартибинин алкагында стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, метрология жана аккредитациялоо чөйрөсүндөгү башка актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, Комиссиянын өкүлдөрү КМШ МАК жумушчу тобунун Аккредитациялоо боюнча регионалдык уюмду (ассоциацияны) түзүү боюнча иштеринин программасын ишке ашыруу боюнча маселени кароого катышып, анын алкагында бир катар документтер даярдалып, КМШ МАК отурумунда жактырылган. Алардын арасында - аккредитациялоо боюнча органдарды паритеттик баалоону жүзөгө ашыруу тартиби; жетекчилик тарабынан талдоо жүргүзүү боюнча жол-жобо; кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү боюнча аккредитациялоо боюнча Евразиялык кызматташтык саясаты; квалификацияны текшерүү программаларын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдарды тандоо тартиби; жазууларды башкаруу боюнча жол-жобо.

Мындан тышкары, Комиссия КМШ МАК аянтчасында Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин жана Өзбек техникалык жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн. Бирликтин жана Өзбекстан Республикасынын техникалык жөнгө салуу тутумдарын жакындатуу маселелери боюнча, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттери менен Өзбекстандын ортосундагы соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү максатында биргелешкен комплекстүү ишти уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Комиссиянын аянтчасында продукциянын айрым түрлөрүнө карата техникалык жөнгө салуу боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашылды.