Евразия экономикалык комиссиясынын Азиядагы кызматташтык боюнча диалог (АКД) өкмөттөр аралык уюму менен өз ара иштешүү маселелери ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жана АКД Башкы катчысы Порнчай Данвиватан менен 16-майда ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланды.
Сергей Глазьев АКД Башкы катчысын акыркы учурдагы көп полярдуу дүйнөнүн жаңы борбору катары Евразия экономикалык бирлигинин абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө маалымдады. Министр ошондой эле Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүн баса белгиледи.
"Негизги өнөктөштөрдү камтыган жана мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында диалогду комплекстүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ийкемдүү инфраструктура түзүлгөн", - деп Сергей Глазьев билдирип, экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнүн, дүйнөлүк сооданын жана инвестициялардын басаңдашынын фонунда соода-экономикалык байланыштарды трансформациялоо жүрүп жатканына көңүл бурду. ЕАЭБ үчүн бул, мисалы, Азиядагы өнөктөштөрдүн маанилүүлүгүн жогорулатуу менен байланыштырылат, алардын көпчүлүгү АКД мүчөлөрү болуп саналат. ЕАЭБдин жана АКДнын алдында турган максаттарды жана милдеттерди эске алуу менен, алардын ортосунда өз ара иштешүүнү орнотуу Чоң Евразиялык өнөктөштүк идеясына логикалык туура келет.
Порнчай Данвиватан өзү жетектеген уюмдун экономикалык "себеттин" алкагындагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын кеңири баяндап берди жана АКДнын жана ЕАЭБдин келечекте ийгиликтүү өз ара иштешүүсүнө үмүт артарын билдирди, ал эгерде мүчө мамлекеттер тарабынан колдоо көрсөтүлсө, кызматташуу жөнүндө биргелешкен меморандумдун алкагында жол-жоболоштурулушу мүмкүн.
Тараптар өз ара кызыкчылык чөйрөсүн аныктоо боюнча биргелешкен ишти жүргүзүүнү макулдашышты, алардын негизин эсептүүлөрдө улуттук валюталарды пайдалануу, азык-түлүк менен камсыздоо, транспорт жана логистика, энергетика, техникалык жөнгө салуу, климаттык күн тартип, туруктуу өнүгүү, мүчө мамлекеттер интеграциянын артыкчылыктарын пайдалануунун эсебинен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсү боюнча маселелер жана башка темалар түзүшү мүмкүн.
Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ мамлекеттери менен АКД ортосунда бул интеграциялык түзүмдөрдүн аянтчаларын колдонуу менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн, ошондой эле экономикалык долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүү үчүн башка эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга биргелешип катышуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Маалымат
АКД – 2002-жылдын 18-июнунда Азияда кызматташтыкты илгерилетүү, региондо соода жана финансы рынокторун кеңейтүү, дүйнөлүк рынокто азия өлкөлөрүнүн экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле азиялык региондук форумдардын (АСЕАН, "АСЕАН+3", СААРК, Перс булуңунун мамлекеттеринин кызматташтык боюнча кеңеши ж.б.) ортосунда "көпүрө" боло турган, ал эми келечекте - жалпы азиялык өз ара аракеттенүүнүн жетектөөчү түзүмү боло турган региондор аралык кооперациянын жаңы куралын түзүү максатында түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм.
АКД 30дан ашык мамлекеттерди бириктирет: АСЕАН өлкөлөрү, ошондой эле Бангладеш, Бахрейн, Бутан, Индия, Иран, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Кытай, Кувейт, Монголия, БАЭ, Оман, Пакистан, Корея Республикасы, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Өзбекстан, Шри-Ланка, Япония, Россия ж. б. АКДга кошулууга иш жүзүндөгү кызыгууну Австралия, Непал, Йемен дагы билдирет.
АКД алкагында энергетика жана энергетикалык коопсуздук, маалыматтык технологиялар, азиялык фондулук рыногун түзүү, транспорт, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, туризм, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү, маданияттар аралык диалог жана башка тармактарда кызматташуу программалары жарыяланган.