ЕЭК жана КМШ МАК соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу стратегиясын талкуулашты

Техникалык жөнгө салуу ыкмаларын шайкеш келтирүү жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши (КМШ МАК) менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселеси 9–10-июлда Кыргызстанда өткөн КМШ МАК 69-отурумунда каралды.

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Серик Кусаинов Шериктештик мейкиндигинде сапат инфраструктурасын калыптандыруучу өзүнө жетиштүү тармактык институт катары КМШ МАКтын маанилүү ролун баса белгиледи.

"ЕАЭБ укугунда мамлекеттер аралык стандарттарды артыкчылыктуу колдонуу эки интеграциялык бирикме үчүн тең алардын реалдуу зарылдыгы менен шартталган, – деп белгиледи Серик Кусаинов. – Бүгүнкү күндө биз мамлекеттер аралык стандартташтыруу Евразия экономикалык бирлигинин муктаждыктарына багытталып, барган сайын практикалык мүнөзгө ээ болуп жатканын ырастай алабыз".

ЕЭКтин өкүлү кесиптештерине соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн ЕАЭБ укугунда бекитилген ыкмалары жөнүндө маалымдады жана алардын калыптанган эл аралык тажрыйбага шайкештигин ырастады. Ал ошондой эле бул чөйрөдөгү алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу үчүн ЕАЭБ жана КМШ түзүмдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу диалогду жандандыруу зарылдыгын белгиледи. 

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын улуттук стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин, МАКтын Стандарттар боюнча бюросунун, Эл аралык стандартташтыруу уюмунун, Эл аралык электротехникалык комиссиясынын жана ЮНИДОнун өкүлдөрү катышты.

ЕЭК менен КМШ МАК ортосундагы өз ара аракеттенүү Стандартташтыруу жана өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандумга (2013-жылдын 7-июнунда кол коюлган) ылайык, ошондой эле 2018-жылдын 27-ноябрындагы ЕЭК менен КМШнын Аткаруу комитетинин ортосундагы Өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026–2030-жылдарга каралган Иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылат.