Жаңылыктар

05.12.2022 (Обновлено: 13.12.2022 11:38)

ЕЭК жана Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги биргелешкен иш-чараларды даярдоону талкуулашты

2-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин Евразиялык интеграция департаментинин директору Алексей Добкиндин кызматтык жолугушуусу болуп өттү.
  Жолугушуунун жүрүшүндө Коллегия менен ЕЭК Кеңешинин отурумдарын өткөрүүгө даярдануу
алкагында департаменттердин өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Россия Федерациясынын алдыдагы төрагалыгынын негизги иш-чараларын өткөрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Россияда өтө турган жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына дал келген II Евразиялык экономикалык форумду уюштурууга бурулду.

Мындан тышкары Данияр Турусбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасынын кайрылуусун ишке ашыруу боюнча Комиссиянын ишин уюштурууга байланышкан маселелер боюнча маалымат берди.