ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилегендей, акыркы жылдары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү жаштар Евразиялык экономикалык интеграцияга барган сайын көбүрөөк кызыгуусун билдиришүүдө.
"Биз ЕАЭБдин жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты системалуу негизде куруп келебиз, – деп баса белгиледи Михаил Мясникович. — Комиссияга жана биздин Бирликке жаңы, жакшы даярдалган жаш кадрлар жана алардын стандарттуу эмес идеялары, анын ичинде өтө маанилүү болгон энергетика чөйрөсүндөгү идеялары керек".
Салтанаттуу кол коюу аземине ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев катышты. Анын айтымында, "МЭИ" УИУ – Россиянын алдыңкы университети, ал постсоветтик мейкиндиктеги көптөгөн мамлекеттер жана үчүнчү өлкөлөр үчүн энергетика, электротехника, радиотехника жана электроника тармагында таанылган адистерди даярдайт.
Кызматташтык программасына кол коюу Комиссиянын "МЭИ" УИУ менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн логикалык уландысы болуп калды жана Коллегиянын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү Арзыбек Кожошевдин пикири боюнча, Евразия экономикалык мейкиндигинде энергетика жаатындагы интеграциялык процесстердин андан ары өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.