Жаңылыктар

04.05.2022 (Обновлено: 16.05.2022 17:12)

ЕЭК жана Кыргызстандын илимий коомдоштуктары интеграциянын өнүгүү перспективаларын жана аларга ЕАЭБдин илимий коомдоштуктарынын катышуу маселелерин талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктордун иши департаментинин өкүлдөрү ЕЭКтин 10 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын программасынын алкагында 29-апрелде Бишкекте Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин аянтчасында өткөрүлгөн "ЕЭКке 10 жыл: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган тегерек столго катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын илимий коомдоштуктарынын, Комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда учурдагы реалиялар жана Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунун өнүгүү перспективалары, анын ичинде ички рынокто сакталып жаткан тоскоолдуктарды жоюу жолдору жөнүндө пикир алмашуу орун алды.

Тегерек столдун катышуучулары Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин аянтчасында Кыргызстандын илимий коомдоштуктарынын катышуусу менен интеграция өнүктүрүү маселелери боюнча ишти улантуу жөнүндө келишишти.
Евразия экономикалык комиссиясынын атынан ички рыноктордун иши департаментинин директору Алмаз Сазбаков "ЕАЭБдин ички рыногу: мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктар" деп аталган баяндамасы менен чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнүн жети жылдагы жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

"Евразия экономикалык бирлиги дээрлик жети жылдан бери иштеп келет, ал интеграциялык бирикме катары мүчө мамлекеттерди жакындаштырып гана эмес, өлкөлөргө дүйнөлүк рынокторго биргеликте чыгууга жардам берген драйвер болуп келет, ал эми бул учурдагы дүйнөдөгү татаал экономикалык шарттарда өзгөчө маанилүү. Мындай мүмкүнчүлүктөргө биз Бирликтин ичиндеги мыкты уюшулган иштин, жаңы кооперациялык чынжырчаларды түзүүнүн, чарбачылык ишмердикти жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүнүн, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюунун аркасында жетише алдык", – деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Алмаз Сазбаков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратура, аспирантура студенттери жана профессордук-мугалимдик жамааты үчүн лекциясы менен чыгып сүйлөдү.