ЕЭК менен БУУ кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууда

Евразия экономикалык комиссиясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун өз ара аракеттенүүсү сапаттык жаңы этапка өтүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) 59-сессиясынын катышуучуларына жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

ЕЭК министри 2026-жылдын май айынын аягында Астанада Евразия экономикалык форумунун алкагында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшканын эске салды. Анын айтымында, документ масштабдуу биргелешкен кызматташууга жол ачат.

Бахыт Султанов белгилегендей, меморандум ЕЭКке Бирликтин органдарынын соода укугу чөйрөсүндөгү актыларын даярдоодо ЮНСИТРАЛдын стандарттарына таянууга мүмкүндүк берет. Конкреттүү кадамдар 2026-жылдын планында бекитилген: эксперттер бир катар вебинарларды өткөрүшөт, маалымат алмашууну жолго коюшат, ал эми ЕЭК ЮНСИТРАЛдын окутуучу онлайн-курстарын которууга көмөк көрсөтөт.

Өз кайрылуусунда министр сессиянын күн тартибинде турган маселелерге да токтолду. Анын программасына инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча консультативдик борбор түзүү, электрондук сооданы жана санариптик платформаларды өнүктүрүү, онлайн-төлөмдөр, бүтүмдөрдүн коопсуздугу жана банкроттук маселелери боюнча темалар кирген.

ЕЭКтин ЮНСИТРАЛдын ишине катышуусу эл аралык ыкмалар жана эксперттик чечимдер тууралуу актуалдуу маалыматтарга жеткилик ачат, алар андан ары ЕАЭБ укугун өркүндөтүү үчүн колдонулат.

"Биз үчүн эл аралык стандарттар жана эксперттик иштеп чыгуулар ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнгө салууну оптималдаштырууга, бизнес үчүн чыгымдарды азайтууга, санариптик инструменттерди өнүктүрүүгө, укуктук айкындуулукту камсыз кылууга жана экономикалык жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жардам бергидей болуп практика жүзүнө өтүшү маанилүү", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов.