ЕЭК жана Малайзия Өкмөтү кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты
Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Малайзиянын расмий өкүлдөрү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин презентациясы онлайн-форматта болуп өттү. Иш-чарага ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян жана Малайзиянын Инвестициялар, соода жана өнөр жай министрлигинин эки тараптуу экономикалык жана соода мамилелери бөлүмүнүн улук директору Рашиди Саид модераторлук кылышты.

"ЕЭКтин АСЕАН жана аймактагы өлкөлөр менен кызматташтыгынын өнүккөн инфраструктурасы ЕАЭБдин Малайзия менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү үчүн бекем негиз түзөт, – деп баса белгиледи Микаел Беллуян. – Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум түзүү келечектүү кадамдардын бири болмок. Дал ушундай форматта Комиссия АСЕАН мамлекеттеринин көпчүлүгү менен буга чейин эле ийгиликтүү иш алып барууда".

Рашиди Саид Малайзия мамлекеттердин жогорку жетекчилиги деңгээлинде байланыштарды бекемдеп, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүп жатканын баса белгиледи. Бул жогорку потенциалдан жана өз ара кызыкчылыктан кабар берет.

ЕЭКтин өкүлдөрү малайзиялык өнөктөштөрүнө ЕАЭБдин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө айтып беришти. Соода саясатына, өнөр жай жана АӨК жаатындагы негизги демилгелерге, бажылык жөнгө салууга жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле ЕАЭБ рыногуна жеткирилүүчү продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери козголду. Экономиканын реалдуу секторунда инновациялык технологияларды киргизүү жаатында, ошондой эле халал продукциялар рыногун жөнгө салуу маселелеринде мыкты тажрыйбалар менен алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди.

Малайзия тараптан презентацияга Инвестициялар, соода жана өнөр жай министрлигинин, Транспорт министрлигинин, Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын, ошондой эле Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Малайзия АСЕАН өлкөлөрүнүн арасында Сингапур, Вьетнам жана Индонезиядан кийинки эле ЕАЭБдин төртүнчү соода өнөктөшү болуп саналат. Малайзия экономикасынын күчтүү жактары — өнүккөн минералдык-чийки зат базасы, айыл чарбасы, өнөр жайы жана туризм болуп саналат.