ЕЭК жана БРШ Бирликтин алкагында роумингдеги чалуулардын баасын төмөндөтүү маселелерин талкуулашты
10.12.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович ЕЭКтин штаб-квартирасында Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештиктин (БРШ) башкы директору Алексей Бородин менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эл аралык роумингдеги чакырыктардын баасын төмөндөтүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигиндеги байланыш операторлорунун түйүндөрүндөгү фрод (алдамчылык) менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.

2025-жылы биргелешкен иштин жыйынтыктары чыгарылды, ЕЭК менен БРШнын өз ара иштешүүсүнүн мындан аркы этаптары белгиленди.

Максим Ермолович Бирликтин алкагында роумингде адилеттүү тарифтерди белгилөө боюнча иш-чаралар планын андан ары ишке ашыруу боюнча БРШ менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештик (БРШ) – Эл аралык электр байланыш бирлигинин (ЭЭБ) алты регионалдык уюмдарынын бири. Шериктештик КМШнын 12 мамлекетин ЭЭБ жана БУУнун эгидасы астында бириктирет. Кызматташуу электр байланышы, почта байланышы, маалыматташтыруу жаатында жүргүзүлөт.