Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдин "Россия темир жолдору" ААКнын башкы директору Олег Белозеров менен жолугушуусу болду. Кеңешменин жүрүшүндө, атап айтканда, "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун ишке ашыруу темасы козголду, анын активдүү катышуучуларынын жана демилгечилеринин бири болуп "РЖД" ААКнын туунду ишканасы - "РЖД Логистика" компаниясы эсептелет.
"Биринчи жылы долбоор оң натыйжаларды көрсөттү: жаңы катышуучулар менен он макулдашуу түзүлдү, ташуулардын маршруттарын кеңейтүү маселеси иштелип чыгууда, 500 бирдик рефрижератордук контейнерлердин паркы түзүлдү, - деп орто аралык жыйынтык чыгарды Андрей Слепнев. - 2022-жылдын 1-январынан баштап 31-октябрына чейинки мезгилде 482 миң тонна ташылды, анын ичинен 266,2 миң тонна рефрижератордук жүк ташылды".
Ошол эле убакта, анын айтканы боюнча, долбоордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү андан ары жогорулатуунун үстүнөн иштөө зарыл. Буга байланыштуу Андрей Слепнев жана Олег Белозеров келечекке карата алдын ала жасоого мүмкүн болуучу кадамдарды талкуулашты.
Мындан тышкары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында санариптик транспорттук коридорлорду уюштуруу маселеси каралды, анда эң маанилүү ролду "РЖД" ААК ойнойт.
"Биздин негизги максатыбыз ташуунун документтерин жана товарды коштоочу документтердин көлөмүндөгү комплекстүү кагазы жок ташууларга өтүү. Эгер алардын жок дегенде бирөөсү гана кагаз форматында болсо, санариптештирүү маанисин жоготот", деген пикирин ЕЭКтин соода министри билдирди.
Өткөн жылы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемеси менен бекитилген темир жол менен жүк ташууларды санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы бүгүнкү күнү жалпысынан ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Бирок, Андрей Слепневдин айтканы боюнча, ишке ашыруунун бир катар маселелери бар, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору "РЖД" ААК менен каралып чыкты".
Министр белгилегендей, жакынкы убакта кытайлык тарап менен транспорттук коридорлорду санариптештирүү боюнча планды бекитүү дагы пландалып жатат. Бул жерде "РЖД" ААК бир катар демилгелер менен чыкты.
Кеңешменин жыйынтыктары боюнча Андрей Слепнев жана Олег Белозеров өз ара кызыкчылыктарды жараткан багыттар боюнча координацияланган ишти мындан ары дагы жүргүзө берүүгө макулдашты. ЕЭК жана "РЖД" ААК бири-бирине зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.