Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысынын орун басары Т.Р. Митхундун жумушчу жолугушуусу 9-сентябрда Пекинде (КЭР) болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Арзыбек Кожошев ЕАЭБдин жана башка эл аралык бирикмелердин алкагында евразиялык интеграциянын динамикалуу өнүгүп жаткан процесстеринде энергетиканын маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле министр маектешине ЕАЭБдин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.
ЕЭКтин жана ШКУ Катчылыгынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумуна ылайык, биргелешкен иш-чаралар планынын долбоору тараптардын макулдашуу стадиясында турат, ал бекитилгенден кийин бирикмелердин иши кыйла тыгыз форматта улантылат.
Тараптар энергосарамжалдуулукка жана энергонатыйжалуулукту жогорулатууга карата жаңы ыкмаларды иштеп чыгууда, ошондой эле кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө ЕАЭБ менен ШКУнун өз ара иштешүүсүн уюштуруу перспективаларын талкуулашты."Комиссия ШКУ Энергетикалык клубунун ишине тыкыр көз салып турат. Энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү, анын ичинде өз ара байланышкан энергетикалык жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны модернизациялоо жана куруу сиздердин ишиңиздердин маанилүү багыты болуп саналат. Газды жана мунайды ташуу, ошондой эле энергетикалык ресурстарга эркин жетүүнү камсыздоо маселелери ШКУнун артыкчылыктарынын катарына кирет. Бул, негизинен алып караганда, биз ЕАЭБ энергоресурстарынын жалпы рыногун түзүүнүн алкагында аткарып жаткан ишибизге абдан жакын", – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев.
Мындан тышкары, ЕАЭБ жана ШКУда транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип жаткандыгы белгиленди. Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп өз ара байланышты өнүктүрүү жана натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүү саналат.
ЕЭК транспорт жана инфраструктура, мультимодалдык ташуу жана жүктөрдү контейнерлештирүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча тиешелүү эл аралык уюмдар жана бирикмелер, ошондой эле эл аралык жана регионалдык каржылык институттар менен күч-аракеттерди координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууну маанилүү деп эсептейт."2024-жылдан тартып ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери жана Комиссия евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын ишке ашырууга киришти. Эксперттик баамдоо боюнча, евразиялык транспорттук коридорлордун үлүшүнө ЕАЭБдеги транзиттик ташуулардын көлөмүнүн 70%га жакыны туура келет", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Жолугушууда транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча ЕАЭБ – ШКУ форматында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга, форумдарга, конференцияларга, ШКУнун профилдик жумушчу органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын отурумдарына өз ара катышуу жөнүндө сунуштар айтылды.