Жаңылыктар

21.10.2022 (Обновлено: 28.10.2022 12:52)

ЕЭК жана КМШ санариптик чөйрөдө интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун улуттар аралык механизмдерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

“Заманбап дүйнөдөгү интеллектуалдык менчик: мезгилдин чакырыктары жана өнүгүү келечеги” II Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын алкагында Евразия мейкиндигинде санариптик чөйрөдө интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо контекстинде интеграциялык механизмдерин түзүүдө ЕЭКтин жана КМШнын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. 

ЕЭК Ишкердик ишмердигинин департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясова жана КМШ Аткаруу комитетинин Экономикалык кызматташуу департаментинин Илимий-техникалык кызматташтык жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Тимур Мансуров бул багытта эки уюмдун конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү кызматташтыкты тереңдетүү боюнча Меморандумдун алкагында ишке ашырылып жатканын жана евразиялык интеграциялык процесстерди биргелешип куруу максатында ЕАЭБдин укуктарын жана КМШнын эл аралык укуктук базасын биргелешип түзүү милдеттерин чечүүгө багытталганын белгилешти.

«Акыркы он жылда интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу менен байланышкан мыйзамсыз ишмердик санариптик чөйрөгө өттү, ошондуктан биздин биргелешкен аракеттерибиз негиздүү жана актуалдуу болуп саналат», - деди Нуржамал Ильясова.

Ошону менен бирге, ЕЭК өкүлү белгилегендей, Комиссиянын учурдагы иши Интернетте интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга каршы күрөшүү боюнча макулдашылган ыкмалар жөнүндө ЕАЭБ эл аралык келишиминин долбоорун даярдоого багытталган, ал мыйзамсыз контентке бөгөт коюу, тыюу салынган сайттарга кирүүнү чектөө, издөө системалары тарабынан жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат ресурстары жөнүндө маалыматтарды берүүнү токтотуу, ошондой эле башка каршы аракет көрүү чараларын камтыйт. 

Иштелип чыккан инструменттерди ишке киргизүү Интернетте интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун натыйжалуу евразиялык системасынын иштөөсүн камсыз кылат.