ЕЭК жана КМШ статистикада маалыматтык технологияларды өркүндөтүүдө
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев ЕЭКтин штаб-квартирасында КМШ Статистикалык комитетинин төрагасы Константин Лайкам менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Статистиканы маалыматташтыруунун негизги маселелери жана бул жааттагы уюмдар ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Данияр Иманалиев Комиссиянын модернизацияланган статистикалык тутумчасын иштеп чыгуу жана SDMX евразиялык регистрин түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал белгилегендей, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына регистрге анын функциялары жана аны пайдалануу потенциалы менен таанышуу үчүн кирүү мүмкүндүгү берилген.

Константин Лайкам Semantic Web принциптерине ылайык иштелип чыккан билимдерди жана ачык маалыматтарды башкаруу тутумун түзүү боюнча КМШнын Статистикалык комитетинин иши жөнүндө айтып берди жана SDMX глобалдык регистрин маалымдамаларды моделдөөгө интеграциялоо боюнча пландары менен бөлүштү.

Ошондой эле ЕЭКке мүчө мамлекеттердин статистикалык маалыматтарды берүүсүнүн форматтарын жана маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процесстерин оптималдаштыруу жана респонденттер өлкөлөрүнө жүктөмдү азайтуу үчүн КМШнын Статистикалык комитетинин суроолор тизмегин унификациялоо маселеси каралды.

Тараптар тажрыйба алмашуунун ар кандай деңгээлдеринде өз ара аракеттенүүнү улантууга жана заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу жаатындагы акыркы иштелмелерди талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.

Скачать исходники фотографий