Жаңылыктар

15.07.2022 (Обновлено: 26.07.2022 11:16)

ЕЭК жана Өзбекстан техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташтыкты активдештирүүдө

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигине караштуу Техникалык жөнгө салуу боюнча агенттиктин башкы директору Дилшод Саттаров менен жолугушту. Жолугушуу 13-июлда Ташкентте (Өзбекстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин мааракелүү 61-чи отурумунун аянтчасында болуп өтүп, ага ЕЭК делегациясы катышты.

Тараптар ЕЭКтин жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү кызматташтыгына кызыкдарлыгын билдиришти жана ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин жана Узстандарттын ортосунда техникалык жөнгө салуу жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча консультацияларды өткөрүү жөнүндө келишишти.

КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунда соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу, Аккредиттөө боюнча регионалдык уюмду жана стандартташтыруу, метрология, сапатты башкаруу жана сертификаттоо чөйрөсүндө кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча КМШнын катышуучу мамлекеттеринин базалык уюмун түзүү маселелери талкууланды.

Отурумдун катышуучуларынын арасында Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, ошондой эле КМШнын Аткаруучу комитетинин, Мамлекеттер аралык кеңештин Стандарттар боюнча бюросунун, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Мыйзам чыгаруу метрологиясы боюнча эл аралык бюронун өкүлдөрү болду.

"Жеңил өнөр жай продукциясы" Мамлекеттер аралык техникалык комитетин (МТК) түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды жана Казакстан Республикасынын "Талаптагыдай лабораториялык практика (GLP)" МТКсын түзүү боюнча демилгеси колдоого алынды.

Отурумдун алкагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жагындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылдын КМШ Премиясы үчүн конкурстун лауреаттарын жана дипломанттарын сыйлоо аземи өткөрүлдү. Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ишканалары сыйлыктарга ээ болушту. КМШ Премиясын Евразия мейкиндигинде кеңири популярдаштырууну камсыз кылуу максатында Мамлекеттер аралык кеңештин катышуучулары аны КМШнын Мамлекеттер аралык кеңешинин отурумдарынын алкагында туруктуу негизде өткөрүү идеясын колдошту.