Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруу талкууланды, бул өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүү боюнча демилгелери каралды.
Тараптар кызматташтыктын формаларын жана бир катар артыкчылыктуу өнөр жай секторлорундагы диалогдун перспективаларын талкуулашты."Биз өзбекстандык кесиптештердин өнөр жайда туруктуу диалогду жөнгө салуу, Өзбекстандын интеграциялык механизмдерге катышуусу боюнча сунуштарына көңүл бурабыз. Инноватика чөйрөсүндөгү биздин өз ара аракеттенүүбүздүн жаңы ийгиликтүү мисалы – бул робототехника чөйрөсүндө Евразия технологиялык платформасына Өзбекстандын тармактык ассоциациясынын кошулушу", – деп белгиледи Гоар Барсегян.
ЕЭК министри кыймылдаткычтарды чыгаруучу UzАuto Motors Powertrain заводунун өндүрүштүк аянтчаларына барды. Ишкана Комиссия менен Өзбекстан Өкмөтүнүн биргелешкен иш-чаралар планына киргизилген. Гоар Барсегяндын сөзү боюнча, келечекте бул заводдун катышуусу менен биргелешкен долбоорлор өнөр жай кооперациясын каржылоо боюнча ЕАЭБ программасынын алкагында каралышы мүмкүн.
2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү менен Өзбекстандын ортосундагы иштетүү өнөр жай продукциясынын товар жүгүртүүсү 2024-жылга салыштырмалуу 14,7%га өсүп, 12 млрд долларды түздү.