"Биргелешкен комитеттин отурумун өткөрүү форматын кийинчерээк, коронавирус боюнча жагдайды эске алуу менен аныктайбыз. Бирок ал бизнестин чоң кызыгуусуна ээ болот деген ишеничтемин. Ошондой эле, биз Евразия-Вьетнам форумун уюштурууну жана аны аралаш форматта: бир бөлүгүн – онлайн, бир бөлүгүн – бетме-бет өткөрүүнү сунуш кылабыз. Биз өз ара аракеттенүүбүзгө кошумча импульс берип, кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашыбыз зарыл", – деди Андрей Слепнёв.
Жолугушуунун жүрүшүндө мындан беш жыл мурда күчүнө кирген Эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүдө жетишилген келишкендиктерди аткарууга, ошондой эле соода-экономикалык байланыштардын сапаттуу өсүшүнө жана Вьетнамдын Евразия экономикалык бирлиги үчүн АСЕАНдагы соода хабы катары ролун өнүктүрүүгө басым жасалды.
Андрей Слепнёв жана Нгуен Хонг Зиен Вьетнам Социалисттик Республикасынын аймагында Бирликтин өлкөлөрүнүн автотехникасын өндүрүүгө, Беларустан сөөксүз уй этин, Россиядан буудайды жана фосфор жер семирткичтерин, ошондой эле евразиялык дары-дармек каражаттарын жеткирүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн кошумча иш-аракеттерди жасоо жөнүндө макулдашышты. ЕАЭБ тараптан текстиль продукциясынын айрым түрлөрүнө карата триггердик коргоо чараларынын колдонулушу жана айыл чарба продукциясы менен өз ара соода жүргүзүүнүн аспектилери талкууланды.
ЕЭКтин соода боюнча министринин сунушу боюнча биргелешкен комитеттин кийинки отурумунун алкагында санариптештирүү жаатындагы кызматташтыкка, ошондой эле төмөн углероддуу күн тартибине өзгөчө көңүл бөлүнмөкчү.